Президент болуунун жол-жобосу. Сценарий

© Sputnik / Табылды КадырбековМаалымат жыйындагы президенттин орду. Архив
Маалымат жыйындагы президенттин орду. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президент болчуларга керектелчү миллион сом эмнеге жумшаларын, өлкө башчысы болуу үчүн дагы эмне керек экенин Sputnik Кыргызстан даярдаган материалдан окуңуз.

Политолог и эксперт Бакыт Бакетаев - Sputnik Кыргызстан
Радио
Бакетаев: эл азыр талапкерлердин программасын эмес, командасын карайт
14-июнь күнү Жогорку Кеңеш президенттик шайлоонун күнү 15-октябрга белгилеген токтом кабыл алып, президент болом дегендерге жол ачылды

Өзөктүү окуялар кандай ыраатта өнүгөрүн, талапкер болуу үчүн эмне кылуу керектигин Борбордук шайлоо комиссиясы айтып берди.

Редакция бул маселени "Президентти жана Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо тууралуу" мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөрдөн улам көтөрүп отурат. Эскерте кетсек, ага чейин мыйзамда шайлоо ноябрда болору айтылган.

Президенттикке ким ат салыша алат?

Жалпы жонунан Кыргызстанда 15 жылдан кем эмес жашаган 35 жаштан 70 жашка чейинки өлкөнүн атуулу талапкер катары каттала алат. Ал мамлекеттик тилди жакшы билиши кажет. Мындан тышкары, соттолгон жана сот иши кыскарбаган жарандар талапкер боло албайт.

Ырааты

  • 1-августка чейин талапкерлерди көрсөтүү
  • 25-августка чейин кол чогултуу жана БШКга тапшыруу (кеминде 30 миң кол чогултулушу керек)
  • 1-сентябрга чейин мамлекеттик тил боюнча сынактан өтүү. Экзаменден ийгиликтүү өткөн талапкерге сертификат берилет.
  • 1-сентябрга чейин талапкерликке каттоо боюнча документтерди тапшыруу (өзүн өзү көрсөтүү тууралуу арыз же президенттикке талапкер болуусуна макул бергендиги тууралуу саясий партия чечиминин протоколу тиркелет, талапкердин биографиялык маалыматы, иштеген жеринен маалымкат, шайлоо күрөөсү төлөнгөндүгүн тастыктоочу документ, мамлекеттик тилди тийиштүү деңгээлде билерин аныктаган сертификат жана 3х4 көлөмүндөгү эки сүрөт).
  • 5-сентябрга чейин кол тамгаларды текшерүү
  • 5-сентябрга чейин талапкер тарабынан тапшырылган документтерди текшерүү
  • 10-сентябрга чейин талапкерлердин президенттикке көрсөтүү ыраатына шайкеш келишин текшерүү
  • 10-сентябрга чейин талапкерлерди каттоо же андан баш тартуу
  • 10-сентябрдан 13-октябрга чейин (35 күн) — үгүт иштери
  • 14-октябрь — тынчтык күнү
  • 15-октябрь Кыргызстандын президентин шайлоо (октябрдын үчүнчү жекшембиси, эски редакцияда ноябрдын үчүнчү жекшембиси деп жазылып турат)
  • 4-ноябрь — шайлоо жыйынтыгын чыгаруунун акыркы күнү
  • 7-ноябрь — шайлоо жыйынтыгын расмий жарыялоонун акыркы күнү
  • 7-декабрга чейин жаңы шайланган президент ант бериши керек.

Экинчи тур болсочу?

  • 4-ноябрь — шайлоонун жыйынтыгын чыгаруунун акыркы күнү
  • 18-ноябрга чейин экинчи тур өтүшү керек (мында бардык процедуралардын акыркы күнү эсепке алынды). Мыйзамды иштеп чыккан депутаттын бири Дастан Бекешев экинчи турдан кийин 20 күндүн ичинде жыйынтык чыгып, үч күндүн аралыгында расмий жарыяланышы керек. Мындан кийин бир айга чейин жаңы президент ант бериши зарыл.

Мөөнөттөр такпы?

Көп учурларда акыркы мөөнөттөр коюлган

Мөөнөт узарышы мүмкүнбү?

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова маалымат жыйын учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
БШК: бул жолку президенттик шайлоо тарыхтагы эң таза, адилет шайлоо болуп калат
Ооба, бирок шайлоо өткөндөн кийин эгерде добуш берүүнүн жыйынтыгына сотко арыздануу болсо ошондой болот. Шайлоонун жыйынтыгын аныктоо сот карап чыккан мезгилге чейин токтотулуп турат.

Шайлоо күрөөсү канча?

Шайлоо күрөөсү 1 миллион сом. Акча жеңип чыккан адамга же шайлоочулардын добуштарынын 5 пайызын алган талапкерге кайтарылып берилет. Буга чейин шайлоо күрөөсү 100 миң сом болсо, азыр ал 10 эсеге өстү.

Шайлоо фонду кандай болот?

Талапкер өзүнүн шайлоо алдындагы кампаниясын каржылоо үчүн шайлоо фондусун түзүшү керек. Анын көлөмү чексиз, мурдагы мыйзам боюнча эң жогорку сумма 50 миллион сом болчу.

  1. Талапкердин өзүнүн каражаты 15 миллион сомдон ашпашы керек (мурда 1,5 миллион сом эле).
  2. Саясий партиянын талапкерине бөлүнгөн каражат 50 миллион сомдон көп болбошу кажет (мурда 5 миллион сомдон ашпашы керек эле).
  3. Ар бир жеке тарап өз ыктыяры менен берген акча 50 миллиондон көп болбошу шарт (мурдагы шартта 5 миң сомдон ашпай турганы айтылган, эми 10 миң эсеге көбөйдү).
  4. Ар бир юридикалык тарап өз ыктыяры менен берген акча 50 миллиондон көп болбошу шарт (мурдагы шартта 5 00 миң сомдон ашпай турганы айтылган, эми 1000 эсеге көбөйдү).

Ыйгарым укуктуу өкүл деген ким жана ал эмне иш алып барат?

Талапкердин негизги жардамчыларынын бири — ыйгарым укуктуу өкүл, ал шайлоо комиссиясына тиешелүү кол коюла турган кагаздарды, андан сырткары, талапкерди каттай турган документтерди даярдайт. Ага башка дагы бир катар милдеттер тагылат.

Шайлоонун жыйынтыгы менен макул эместикти кандай учурда көрсөтсө болот?

Добуш берүүнүн жыйынтыгы чыккандан үч күндөн соң.

Ким жеңүүчү болот?

Добуштардын 50 пайызынан көбүрөөгүн алган талапкер жеңишке жетишет.

Жаңылыктар түрмөгү
0