Текебаев шайлоого катышып калса БШК кандай нукта иш алып барарын билбейт

© AP Photo / Alexander Zemlianichenko"Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин архивдик сүрөтү
Ата Мекен фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда "Ата Мекен" фракциясынын лидерине карата козголгон кылмыш иши боюнча сот иштери жүрүүдө.

БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. Президенттик шайлоого катышуу ниетин билдирген "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев боюнча БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Маалымат жыйында ал акталбаган же сот иши кыскарбаган жарандар президент же дептутат боло албай турганын баса белгиледи. Ошондой эле талапкер үгүт маалында соттолсо ал шайлоого беш күн калганда жарышткан четтетилерин кошумчалады.

"Эгер ушундай көрүнүштөр болсо биз мыйзамда каралган норманы колдонобуз", — деди Шайлдабекова.

Журналисттер ошондой эле Текебаевдин соттолбогонун эске алып, үгүт иштери башталганга чейин ага сот айып койбосо шайлоого катышууга укугу барбы деген суроо узатышты.

"Абдан татаал суроо. Мындай учурда процессуалдык укукту аныктоо үчүн укук коргоо органдарына кайрылуу керек. Бул боюнча кеңешебиз. Буга чейин мындай көрүнүш тажрыйбада катталган эмес", — деди БШКнын төрайымы.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова маалымат жыйын учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
БШК: бул жолку президенттик шайлоо тарыхтагы эң таза, адилет шайлоо болуп калат
"Ата Мекен" партиясы 5-марттагы съездинде өз лидерин президенттикке көрсөтөрүн чечкен. Учурда Текебаевдин иши сотто каралууда.

2017-жылдын 25-февралында Башкы прокуратура "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевге жана башка адамдарга карата КР Кылмыш жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүмү (коррупция) жана 166-беренесинин 4-бөлүмүнүн 2-3-пункттарында (алдамчылык) камтылган белгилери боюнча кылмыш иши козголуп, ошол эле күнү УКМКнын Тергөө башкармалыгына өткөрүп берилген.

Козголгон кылмыш иштин алкагында Текебаев менен Чотонов камалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0