Президент Атамбаев Путинди Россия күнү менен куттуктады

© Sputnik / Табылды КадырбековӨлкө башчысы Алмазбек Атамбаев РФ президенти Владимир Путин менен Бишкекте жолугушуу учурунда. Архив
Өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев РФ президенти Владимир Путин менен Бишкекте жолугушуу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президент Алмазбек Атамбаев Владимир Путинге чың ден-соолук, жооптуу ишине ийгилик, ал эми Россия элине тынчтык жана гүлдөп өнүгүүнү каалады.

БИШКЕК, 12-июн. — Sputnik. Өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев РФ президенти Владимир Путинди Россия күнү менен куттуктаганы президенттин расмий сайтында жарыяланды.

Атамбаевдин куттуктоосунда Россиянын демократиялык кайра түзүүлөрдүн жана экономикалык реформалардын жолунда экени баса белгиленип, эл аралык аренада кадыр-баркы өскөндүгү айтылат.

"Россия федерациясынын эки өлкөнүн ортосундагы союздаштыкты жана стратегиялык өнөктөштүктү чыңдоодогу зор салымын канааттануу менен белгилейбиз. Өз ара пайдалуу кыргыз-россиялык кызматташуу мындан ары дагы элдерибиздин жыргалчылыгына багытталып, ырааттуу өнүгө берет деп ишенем", — деп айтылат куттуктоодо.

Президент Алмазбек Атамбаев Владимир Путинге чың ден-соолук, жооптуу ишине ийгилик, ал эми Россия элине тынчтык жана гүлдөп өнүгүүнү каалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0