Алмазбек Атамбаев ШКУ саммитине катышуу үчүн Астанага учуп кетти

© Пресс-служба президента КРПрезидент Алмазбек Атамбаевдин архивдик сүрөтү
Президент Алмазбек Атамбаевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекет башчынын сапары 10-июнга чейин уланат.

БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев жумушчу сапары менен Астанага учуп кетти.

Анын алкагында мамлекет башчысы КМШга мүчө мамлекет башчыларынын кезектеги жыйынына катышат. Ошондой эле ЭКСПО-2017 иш-чарасынын ачылышына катышат.

Мамлекет башчынын сапары 10-июнга чейин уланат.

Кыргызстанга Россиянын өкмөт башчысынын орун басары Дмитрий Рогозин келди - Sputnik Кыргызстан
Россиянын өкмөт башчысынын орун басары Рогозин Бишкекке келди
Кыргызстандык делегациянын курамында тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев, президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Айзада Субакожоева, маданият, маалымат жана туризм министри Түгөлбай Казаков жана президенттин кеңешчиси Икрамжан Илмиянов бар.

Астанада өтө турчу саммиттеги негизги маселе Индия менен Пакистандын ШКУга кошулушу болот. Аталган мамлекеттер кошулгандан кийин уюмга мүчө мамлекеттердин калкы дүйнө элинин 43-44 пайызын түзүп, ИДПнын көлөмү 33 триллион долларга жакындайт.

ШКУ эл аралык уюму 2001-жылы Кытай, Россия, Казакстан, Тажикстан, Кыргызстан жана Өзбекстандын башчылары тарабынан негизделген. 2016-жылы июнда Өзбекстанда болгон саммитте Индия менен Пакистандын уюмга кирүүсү боюнча Меморандумга кол коюлган. Учурда ШКУга Афганистан, Белоруссия, Иран менен Монголия байкоочу мамлекет катары турса, Азербайжан, Армения, Камбоджа, Непал, Түркия жана Шри-Ланка өнөктөш өлкө катары эсептелет.

Жаңылыктар түрмөгү
0