Текебаев: сот отуруму керек болсо түз эфирден көрсөтүлсүн!

© Sputnik / Расул УсеналиевЖогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев сот залында
Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев сот залында - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жактоочулар өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев сот иштери ачык-айкын болушу керектигин жакында эле айтканын жүйө келтиришти.

БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев менен мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотоновдун сот процессин судья видеого тартууга тыюу салды. Бул тууралуу кабарчы сот залынан билдирди.

Текебаев менен Чотоновдун тарапташтары Боштондук, боштондук деп кыйкырышты - Sputnik Кыргызстан
Текебаев менен Чотоновдун тарапташтары "Боштондук, боштондук" деп кыйкырышты
Эскерте кетсек, учурда Биринчи Май райондук сотунда коррупцияга айыпталып жаткан саясатчылар Текебаев менен Чотоновдун соту жүрүп жатат.

Видеого тартып калууга тыюу салган чечимге айыпталуучулардын жактоочулары макул эместигин билдирип, сот ачык болуп жаткандыктан тартууга жол берилиши керектигин айтышты.

Ошондой эле бул иштин саясий жагын жана өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев дагы сот иштери ачык-айкын болушу керектигин жакында эле айтканын жүйө келтиришти.

Текебаев өз сөзүндө бардык адамдар мыйзам алдында бирдей экенин айтты.

"Соттун ачык болуп, ал керек болсо түз эфирден көрсөтүлүшүн талап кылам. Кулов менен Исаковго козголгон кылмыш иши убагында кыскаргандай менин да ишим кыскарарына ишенем. Мен соттун жана прокуратуранын үстүнөн моралдык артыкчылыгымды сезип турам. Себеби өзүмдүн ак экениме ишенем", — деди "Ата Мекен" фракциясынын лидери.

Мамлекеттик айыптоочулар видео тартууга уруксат берилбеши керек деген чечим мурдагы отурумда эле кабыл алынганын белгилешти.

Судья сот ишин видео тасмага тартууга тыюу салган чечимин күчүндө калтырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0