Кыргызстан менен Бириккен Араб эмирлиги виза маселесин жөнөкөйлөтөт

© AFP / NASSER YOUNESБириккен Араб эмирлигинин желеги. Архив
Бириккен Араб эмирлигинин желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эки өлкөнүн виза маселесин жөнөкөйлөтүү боюнча мыйзам долбоору ратификацияланып калса, Кыргызстан менен Бириккен Араб эмирлигинин жарандары виза алуудан бошотулат.

БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. Жогорку Кеңеште Кыргызстан менен Бириккен Араб эмирлигинин өкмөттөрү ортосунда дипломатиялык жана кызматтык атайын паспорттордун ээлерин визалык талаптардан бошотуу боюнча мыйзам долбоору каралды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүгө караганда, жогорудагы келишим ратификацияланып калса, Кыргызстан менен Бириккен Араб эмирлигинин жарандары виза алуудан бошотулуп, эки өлкө аймагында 90 күнгө чейин визасыз жүрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, Кыргызстанда 1171 адамга дипломатиялык паспорт берилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0