Канат Исаевге дагы бир факты боюнча айыбы угузулду

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевЖогорку Кеңештеги "Кыргызстан" фракциясынан депутат Канат Исаевдин архивдик сүрөтү
Жогорку Кеңештеги Кыргызстан фракциясынан депутат Канат Исаевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин Канат Исаев Токмокто мэр болуп турган кезинде жер тилкесин жеке компанияга мыйзамсыз өткөрүп берген деп айыпталган.

БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Жогорку Кеңештеги "Кыргызстан" фракциясынан депутат Канат Исаевге дагы бир факты боюнча айыбы угузулду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен (УКМК) кабарлашты.

Буга чейин УКМК Канат Исаев Токмоктун мэри болуп турганда муниципалдык жер тилкесин жеке компанияга соода борборун куруу үчүн берген деп айыптаган. Ал ошондой эле мэриядагы жооптуу кызматтарды ээлеген адамдар менен сүйлөшүп алып, шаардык бюджеттен каржыланчу автобекеттин курулуш ишин өзүнө караштуу ишканага берген деп айыпталууда

Эми болсо Башкы прокуратура буга чейин Чүй облустук прокуратурасында жоголуп кеткен кылмыш ишин калыбына келтирди. Иш 2010-жылы козголгон болчу.

Кылмыш иши папкасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Акылбек Жапаров менен Игорь Чудиновго кылмыш иши козголду
Материалдарга караганда, Исаев Токмокто мэр болуп турган кезинде №1 борбордук китепкана системасынын Токмоктогу филиалын төмөндөтүлгөн баада жеке менчикке өткөрүп жиберген. Аталган китепкана 500 чарчы метрлик участогу менен кошо 572 миң 116 сомго сатылганы маалыматта белгиленген.

Юстиция министрлиги жүргүзгөн экспертиза көрсөтүлгөн имараттын 2010-жылдагы рыноктук баасы 1 миллион сомду түзгөнүн аныктаган.

25-майда бул кылмыш иши Канат Исаевге карата козголгон негизги иш менен бириктирилген.

Депутат 11-майда сыртка чыкпоо боюнча тил каттын негизинде үй камагына алынган.

Жаңылыктар түрмөгү
0