Германия ТИМ жетекчиси: АКШ алдыңкы держава статусун жоготту

© AFP / LINO MIRGELER / DPAГерманиянын тышкы иштер министри Зигмар Габриэльдин архивдик сүрөтү
Германиянын тышкы иштер министри Зигмар Габриэльдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Министрдин айтымында, АКШнын башкалардан алыстоо багытын карманып алганы дүйнөдөгү абалга терс таасирин тийгизип жатат.

БИШКЕК, 30-май — Sputnik. Америка Кошмо Штаты дүйнөдөгү алдыңкы держава статусун жоготту. Мындай пикирин Германиянын тышкы иштер министри Зигмар Габриэль айтканын Der Spiegel журналы жазып чыкты.

Саммит глав государств и правительств стран НАТО в Брюсселе - Sputnik Кыргызстан
Трамптын Черногория премьерин ийинден жулка түртүп алдыга өткөн видеосу тарады
Ал ошондой эле Ак үйдүн жүргүзүп жаткан саясатына каршы аракеттерди көрүү керектигин баса белгилеген. Буга "АКШ маанилүү держава катары ишин аткара албай калганы" себеп. Министр, андан сырткары, АКШнын башкалардан алыстоо багытын карманып алганы дүйнөдөгү абалга терс таасирин тийгизип жатканына токтолду.

Габриэль АКШнын президенти болуп Дональд Трамп келгенден кийин эл аралык аренадагы абал өзгөргөнүн айтып, "Батыштын таасири бир кыйла азайганын" белгиледи.

Министр ошондой эле Ак үйдүн миграция жана климаттын өзгөрүшү боюнча иш багытын сынга алды. Анын айтымында жаңы администрациянын бул жааттагы демилгелери абалды ого бетер курчутуп келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0