Кыргызстанда жаңжалдуу шаардык кеңештерде шайлоо өтүп жатат

© Sputnik / Табылды КадырбековДобуш берип жаткан шайлоочу. Архив
Добуш берип жаткан шайлоочу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин шаардык кеңештер жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын башчыларын шайлай алышкан эмес. Андыктан алар президенттин жарлыгы менен таркатылып, мөөнөтүнөн мурда шайлоолор дайындалган.

БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Кыргызстанда 41 жергиликтүү кеңешке шайлоо өтүп жатат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын маалымат кызматы билдирди.

21 жергиликтүү кеңеште кезектеги шайлоо өтсө, 20сында мөөнөтүнөн мурда шайлоо болуп жатат. Айдаркен, Кадамжай, Жалал-Абад, Таш-Көмүр, Кара-Балта жана Кемин шаарларынын депутаттарына талапкерлер шайланууда. Буга чейин аталган шаардык кеңеште жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органынын башчыларын шайлай албай, БШКнын сунушу менен президент аларды таркатып, мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындалган. 

"Буга чейинки шайлоодо айрым шайлоочулардын бармак издери жакшы чыкпагандыктан добуш бере алышкан эмес. Буларды эске алуу менен камераны колдонуу менен беттин биометрикалык параметрлери аркылуу идентификациядан өтүү мүмкүнчүлүгү киргизилген", — деп БШКдан түшүндүрүп беришти.

Жалпысынан 811 депутат шайланышы кажет. Ал үчүн 117 шайлоо аймактары уюштурулган. 4 423 талапкер каттоодон өткөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0