БИШКЕК, 26-май — Sputnik. Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков Россияда өтө турган Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн жана Евразия өкмөт башчылар кеңешинин жыйынына катышат. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, жыйын 26-май күнү Казань шаарында өтөт. Иш-чарада КМШ өлкөлөрүнөн барган өкмөт башчылар мамлекеттер ортосундагы кызматташуу боюнча маселелерди карайт.
Премьер-министр менен бирге жыйынга Кыргызстандын атынан 10дон ашык өкүл катышат.