Бириккен Араб эмирлигинин Тышкы иштер министри расмий сапар менен Кыргызстанга келет

© AFP / KARIM SAHIBБириккен Араб эмирлигинин тышкы иштер жана эл аралык кызматташуу боюнча министри шейх Абдалла бин Зайед Аль-Нахайян. Архив
Бириккен Араб эмирлигинин тышкы иштер жана эл аралык кызматташуу боюнча министри шейх Абдалла бин Зайед Аль-Нахайян. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Анын алкагында эки мамлекеттин Тышкы иштер министрлери жолугууларды өткөрүп, анын жыйынтыгы боюнча журналисттерге маалымат берилет.

БИШКЕК, 23-май — Sputnik. Бириккен Араб эмирлигинин тышкы иштер жана эл аралык кызматташуу боюнча министри шейх Абдалла бин Зайед Аль-Нахайян 24-майда Кыргызстанга расмий иш сапары менен келет. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Иш сапардын алкагында ал  КР тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев менен жолугат. Эки министрликтин сүйлөшүүлөр жыйынтыгы боюнча Абдылдаев Жалпыга маалымдоо каражаттарына билдирүү жасайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0