Роза Отунбаева: бизде чиновниктер чала сабаттуу

© Sputnik / Сергей Гунеев / Медиабанкка өтүүЭкс-президент Роза Отунбаеванын архивдик сүрөтү
Экс-президент Роза Отунбаеванын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Экс-президент Кыргызстанда атка минерлер суудай шаркырап эле алмашып жатканын баса белгиледи.

БИШКЕК, 23-май — Sputnik. Бизде чиновниктер чала сабаттуу. Бул тууралуу экс-президент Роза Отунбаева Бишкекте өтүп жаткан "Туруктуу Элдик Кеңештин Улуттук курултайында" сүйлөп жатып айтты.

Белгилей кетсек, курултай Бишкек шаарындагы спорт ордосунда өтүп жатат.

"Ачыгын айтышыбыз керек, бизде чиновниктер чала сабаттуу. Мурунку министрлер менен азыркы министрлердин айырмасы асман менен жердей", — деди Отунбаева.

Экс-президент Кыргызстанда атка минерлер суудай шаркырап эле алмашып жатканын кошумчалады. Андан сырткары курултайдын маңызы тууралуу кеп кылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0