Шыкмаматов: Сооронбай Жээнбековдон кызматын тапшыруусун талап кылабыз

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Ата Мекен" фракциясынын депутаты Алмамбет Шыкмаматовдун архивдик сүрөтү
Ата Мекен фракциясынын депутаты Алмамбет Шыкмаматовдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Ата Мекен" фракциясынын депутаты азыркы премьер Сооронбай Жээнбеков кызматынан пайдаланып, шайлоого камылга көрүп алышы мүмкүн экендигин баса белгиледи.

БИШКЕК, 19-май — Sputnik. Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков премьерлик кызматын өткөрүп бериши керек. Бул тууралуу "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Алмамбет Шыкмаматов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Эске сала кетсек, КСДП президенттикке талапкер катары Сооронбай Жээнбековду көрсөткөн

"Биз Жээнбековдун кызматтан кетүүсүн талап кылабыз. Анткени КСДП аны президенттикке талапкер катары көрсөттү. Демек премьер-министр катары кызматынан пайдаланып, шайлоого камылга көрүп алышы мүмкүн", — деди Шыкмаматов.

Эл өкүлү өкмөт башчы катардагы жаран катары шайлоого катышышы керек экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0