Канат Исаевге карата козголгон кылмыш ишин депутаттык комиссия иликтейт

© Sputnik / Табылды КадырбековЖогорку Кеңештин депутаты Канат Исаевдин архивдик сүрөтү
Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Комиссиянын курамына парламенттеги алты фракциянын 12 депутаты кирди.

БИШКЕК, 18-май. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаевге карата козголгон кылмыш ишин депутаттык комиссия иликтейт. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы кабарлады.

Президент Алмазбек Атамбаев принял председателя ГКНБ Абдиля Сегизбаева - Sputnik Кыргызстан
Абдил Сегизбаев президентке УКМК эмне кылып жатканын айтып берди
Билдирүүгө ылайык, 18-майда парламенттин отурумунда "Кыргызстан" фракциясынын демилгеси менен убактылуу комиссия түзүлдү. Алты фракциянын 12 депутаты кирген комиссия депутат Канат Исаевге карата козголгон кылмыш иши боюнча маселени изилдешет.

Эске сала кетсек, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Исаев Токмоктун мэри болуп турганда муниципалдык жер участогун жеке компанияга соода борборун куруу үчүн берген деген айып менен "коррупция" беренеси боюнча кылмыш ишин козгоп, өлкөдөн чыгууга тыюу салган. 

Жаңылыктар түрмөгү
0