БИШКЕК, 18-май. — Sputnik. Жалал-Абадда мугалимдер окуучуларды ата-энелерин шайлоого алып келүүгө мажбурлап жатат. Бул тууралуу "Өнүгүү — Прогресс" фракциясынын депутаты Мирлан Бакиров парламентте ар кандай маселелер каралып жатканда билдирди.
Эске сала кестек, 28-май күнү айрым жергиликтүү кеңештерге шайлоо өтөт.
"Жалал-Абад шаардык кеңештин шайлоосуна жети партия катышат. Бирок атаандаштык калыс болбой жатат. Мугалимдер окуучуларды шайлоого ата-энелериңердин алып келесиңер десе, РЭСтин инспекторлору акча чогултпай эле тизме түзүү менен алек", — деди Бакиров.
Эл өкүлү мурунку шаар мэри кайсыл бир партиядан талапкер катары кетип жатканын, мамлекеттик кызматкерлер чарба менен эмес, шайлоо менен гана алек болуп калганын кошумчалады.