Турсунбеков: парламентте оппозиция жок деп айтуу туура эмес

© пресс-служба Жогорку КенешаДепутат Чыныбай Турсунбеков
Депутат Чыныбай Турсунбеков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жогору Кеңештин төрагасы оппозиция активдүү иштеп жатканын баса белгиледи.

БИШКЕК, 16-май. — Sputnik. Парламентте оппозиция жок деген туура эмес. Бул тууралуу төрага Чыныбай Турсунбеков Sputnik Кыргызстан радиосунуна маек берип жатып билдирди.

Анын айтымында, оппозиция активдүү иш алып барууда.

"Айрым депутаттар кайым айтышкан учурда төрагага кыйын эле болот. Бирок жардамга регламент келет. Бир гана мыйзамдын жардамы менен абалдан чыгам. Кээде оппозицияга көбүрөөк сөз берип жатасың деп партиялаштарым эле айтып, муштум кезеген учурлары да болду", — деди Турсунбеков.

Эске сала кетсек, Чыныбай Турсунбеков өткөн жылдын апрель айында төрага болуп шайланган.

Жаңылыктар түрмөгү
0