"Жаңы Жибек жолу": долбоордун Борбор Азия жана Кыргызстанга таасири кандай?

© REUTERS / Damir SagoljМеждународный форум "Один пояс, один путь" в Пекине
Международный форум Один пояс, один путь в Пекине - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Жаңы жибек жолунун" алкагында Кытай Россия жана Борбор Азиянын, андан ары дүйнөлүк соода рыногуна кеңири кулач жаюуга умтулат.

БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Алексей Стефанов. Пекин калаасында 14-15-майда Азия, Европа жана Африканы байланыштырып, дүйнөлүк сооданын өнүгүшүнө өбөлгө болчу "Жаңы жибек жолу" ири долбооруна багытталган "Бир алкак – бир жол" аталган форум өттү.

Кытайда эки күнгө 28 өлкөнүн лидерлери чогулуп, форумдун ишине 60 мамлекеттин өкүлдөрү катышты.

Кытайдын Элдик университетинин Эл аралык иштер институтунун директору, профессор Ван Ивэйдин айтымында, форумдун максаты — баарлашуудан көп тараптуу аракетке өтүү.

"Айрым долбоорлор ишке ашырылып, башкалары жаңыдан пландалууда. Андан тышкары, бул алкактан чет калган өлкөлөрдү да (мисалы, Аргентина жана Чили) көрүп турабыз, бирок алар да долбоорлорго катыша алат. "Жаңы Жибек жолу" кеңейип кете берери анык" – деди Ван Ивэй.

Профессор демилге дүйнөлүк деңгээлге чыкканын белгилейт. Ал эми Россияны "Бир алкак – бир жол" долбоорунун ЕАЭБ менен болгон байланышы кызыктырат. Кытайлыктар бул багытта 20га чукул долбоор иштеп, мындан ары да жаңылары кошула турган маршруттук карталар пландалганына ынандырды. Алар менен таанышууга Пекинге РФ президенти Владимир Путин өзү барды.

Рабочий визит Алмазбека Атамбаева в Китай - Sputnik Кыргызстан
Кытай менен Кыргызстан чогуу кичи жана чакан бизнести колдой турган болушту
Кеңири жайылуу, Россия Илимдер академиясынын Ыраакы Чыгыш институтунун директорунун орун басары Андрей Островскийдин пикиринде, Кытай үчүн улуттук экономикасынын мүмкүнчүлүктөрүн арттыруу тышкы сооданы кеңейтүү жана өз чет жакасын өнүктүрүү үчүн зарыл.

Бир нече жыл мурун КЭР дүйнөлүк каржылык туңгуюктун чакырыктары менен бет келип, тышкы соода көлөмү азая баштаган. Ал эми "Жаңы Жибек жолу" – кырдаалдан чыгуунун бирден бир жолу. Дал ушул себептен Кытай Борбор Азия мамлекеттерине ири каражаттарды жумшоодо. Островскийдин маалыматы боюнча бул аталган мамлекеттин чет өлкөлөргө жасалган инвестициясынын жалпы көлөмүнүн 20 пайызын түзөт.

"Өзбекстан боюнча айта турган болсок, ал — Борбордук Азия үчүн ири борбор, Ташкент жана Самарканд – тирек болчу шаарлар. Ал жакка Азия менен Европаны байланыштырчу темир жол түйүнү курулат. Экономика өнүгөт, себеби транспорттук жолдорго жакындыгынан улам өндүрүлгөн продукциянын өз наркы төмөн болот.

Маселен, Хива качандыр бир кезде күчтүү хандыктын борбору болгон, азыркы тапта шаар дээрлик белгисиз. Анткени, ал аркылуу ири транспорттук маршруттар өтпөйт. Башкача айтканда, алкак кайсы шаарларды камтыса, ошол калаалар тирек болуп, экономикалык жактан өсүү артыкчылыгын алышат", — деп белгилейт Островский.

Адистин айтымында, Борбор Азия ЕАЭБ жана "Жибек жолу экономикалык алкагынын" кошулушу үчүн маанилүү аянт болуп саналат. Аймак чала өнүккөн, ал эми бул долбоор менен Кытайдын тышкы соодасынын көлөмү гана көбөйбөстөн, өлкөлөр арасындагы соода да чыңдалат.

Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин Бир алкак — бир жол эл аралык кызматташуу форумунда - Sputnik Кыргызстан
Кытай Жибек Жолундагы өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө 8,7 млрд. доллар бөлөт
"Инфраструктураны түзүү маселеси Тажикстанга да тийиштүү, бирок бул өлкөнүн абалы Өзбекстанга караганда татаал. Себеби, экономикалык жактан чабалыраак. Кытайдын концепциясына ылайык, тирек болчу шаарларга Душанбени гана кошууга болот. Башкы көйгөй – ошол эле инфраструктура, тоолуу аймактын рельефин эске алуу менен автоунаа жана темир жолдорун өнүктүрүү. Мисалга тажик-кытай чек арасын алалы, ал кең, бирок чек ара өтмөгү бирөө же экөө эле. Жолсуз эки өлкөнүн соода-экономикалык байланышын өрчүтүү абдан эле кыйын", — деди серепчи.

Мындай абал Кыргызстанда да бар. Чек ара чоң, бирок чек ара өтмөктөрү аз, анын үстүнө өткөрүү жөндөмү чабал.

"Мунун баары соода-экономикалык байланышты өнүктүрүүгө тоскоол болот. Ошондуктан Кытай Кыргызстандагы автожолдорун салууну каржылап келет", — деп белгиледи ал.

Серепчинин баамында, географиялык жайгашуусунан улам кытай инвестициясынын көбү Казакстандын энчисине тиет.

Президент Алмазбек Атамбаевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Атамбаев Кытайда туризмге түз инвестицияларды тартуу маселелерин талкуулады
"Кытай Казакстандын инфраструктурасын өнүктүрүүгө 20 миллиард доллар бөлгөнү тегин жерден эмес. "Жаркын жол" долбоору ишке кирди. Бул өз алдынча долбоор, бирок албетте, "Жаңы Жибек жолу" менен байланышы бар. Каспий деңизиндеги порттор, автомобилдик жана темир жолдор, чек ара өтмөктөрү жакшырып келет эмеспи, булар өлкө экономикасынын өнүгүшүн шарттайт" – деди Островский.

Ал белгилегендей, КЭР Борбордук Азиянын бардык өлкөлөрүн кеминде он беш жылдай инвестициялайт. Анткени, ири долбоорлорду эмнеден баштарын так билет.

Жаңылыктар түрмөгү
0