БУУнун башкы катчысы Гутеррештин Кыргызстанга келүүсү талкууланды

© AFP / KENA BETANCURБУУнун башкы катчысы Антониу Гутеррештин архивдик сүрөтү
БУУнун башкы катчысы Антониу Гутеррештин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эки тараптуу жолугушуу 11-майда өткөн.

БИШКЕК, 12-май — Sputnik. Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Динара Кемелова 11-майда БУУнун башкы катчысынын атайын өкүлү Петко Драганов менен жолукту. Бул тууралуу ТИМдин расмий өкүлү Айымкан Кулукеева билдирди.

Анын айтымында, эки тараптуу жолугушуу учурунда аймактык коопсуздук, экстремизм менен терроризмге каршы күрөшүү жана Борбордук Азия мамлекеттеринин кызматташтыгы тууралуу маселелер талкууланган.

"Мындан тышкары, Драганов менен БУУнун башкы катчысы Антониу Гутеррештин Кыргызстанга боло турчу сапары талкууланды", — деди Кулукеева.

Ал ошондой эле кыргыз тарап БУУнун аймактык борбору аркылуу Борбордук Азия мамлекеттери менен кызматташууну арттыруу маанилүү экенин белгилегенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0