БИШКЕК, 12-май. — Sputnik. Президенттикке аттангандарды душман эмес, атаандаш катары көрүү керек. Бул тууралуу экс-президент Роза Отунбаева Бишкек шаарында өтүп жаткан президенттик шайлоонун ачыктыгы боюнча тегерек стол учурунда билдирди.
Анын айтымында, атаандаштарды душман катары кабыл алуу туура эмес.
"Учурда президенттикке аттанам дегендерге кысым болуп, айрымдары абакта отурат. Бул саясий абалды олку-солку кылып жатат. Андыктан, мен президенттик шайлоого душман катары эмес, атаандаш катары баруу керектигин сунуштайм", — деди Отунбаева.
Экс-президент саясий диалогго чакыруу сунушун колдой тургандыгын айтып, шайлоону ачык-айкын өткөрүү зарылдыгын кошумчалады.