Президент Алмазбек Атамбаев Кытайга жумушчу сапар менен барат

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевРабочий визит президента Кыргызстана Алмазбека Атамбаева в Китай
Рабочий визит президента Кыргызстана Алмазбека Атамбаева в Китай - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш сапардын жүрүшүндө Атамбаев Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушуусу болжолдонууда.

БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев 14-15-май күндөрү Си Цзиньпиндин чакыруусу менен Кытайга сапар алат. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Атамбаев иш сапарынын алкагында Пекин шаарында өтчү "Бир алкак – бир жол" эл аралык форумунун ишине катышат.

Форумга катышуу учурунда Атамбаевдин Кытай Эл Республикасынын төрагасы Цзиньпин менен жолугушуусу болжолдонууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0