Шаардык сот Садыр Жапаровдун иши боюнча райсоттун чечимин өзгөрткөн жок

© Фото / пресс-служба ЖК КРЭкс-депутат Садыр Жапаровдун архивдик сүрөтү
Экс-депутат Садыр Жапаровдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Биринчи Май райондук соту 24-апрелде экс-депутат Садыр Жапаровду 28-майга чейин Бишкек шаардык №1 убактылуу кармоо жайында калтыруу боюнча чечим кабыл алган.

БИШКЕК, 4-май — Sputnik. Экс-депутат Садыр Жапаровдун адвокатынын арызын караган Бишкек шаардык соту Биринчи Май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Жапаровдун жактоочусу Шарабидин Токтосунов билдирди.

Райондук сот 24-апрелде Жапаровду 28-майга чейин Бишкек шаардык №1 убактылуу кармоо жайында калтыруу боюнча чечим кабыл алган.

Я был в шоковом состоянии — видеокомментарий Садыра Жапарова - Sputnik Кыргызстан
Кан тамырлары кесилип ооруканага түшкөн Садыр Жапаров үн катты
Эске салсак, 25-мартта УКМК Садыр Жапаровду чет өлкөдөн Кыргызстанга киргенде камакка алган. Экс-депутат Кылмыш жаза кодексинин барымтага алуу, бийлик өкүлүнө карата зомбулук көрсөтүү, өлтүрөм деп коркутуу, бейбаштык беренелери боюнча айыпталууда.

Белгилей кетсек, №1 Убактылуу кармоо жайына киргизилген Жапаровдун колунун кан тамырлары кесилип, 2-апрелде ооруканага түшкөн. Ал эми 13-апрелде №47 түзөтүү колониясынын ооруканасында жаткан экс-депутат кайрадан №1 тергөө абагына которулган.

Жаңылыктар түрмөгү
0