09:40 26 Кулжа 2017
Түз эфир
Кабарчылар. Архив

ЖМК жөнүндө мыйзам Жогорку Кеңештен колдоо тапты

© Пресс-служба правительства / Сабыр Аильчиев
Саясат
Кыскача шилтеме алуу
ЖМК жөнүндөгү мыйзамга толуктоо киргизүү (9)
87 0 0

Президент кол койгон соң телеканалдарга ээлик кылган чет элдиктердин үлүшү 35 пайыз, кыргыз жарандарынын үлүшү 65 пайыз болушу керек.

БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. "Массалык маалымат каражаттары жөнүндө" мыйзам долбоору үчүнчү окууда жактырылды.

Белгилей кетсек, мыйзам долбоору кечээ күнү үчүнчү окууда каралган

Бул мыйзам долбоордун демилгечиси депутат Кожобек Рыспаевдин сөзү боюнча телеканалдарга ээлик кылган чет элдиктердин үлүшү 35 пайыз, кыргыз жарандарынын үлүшү 65 пайыз болушу керек.

Президент кол койгондон тартып ЖМК уюштуруучуларынын курамын өзгөртүүгө бир жыл убакыт берилет. Эгерде бир жыл ичинде жаңы өзгөртүүлөргө ылайык, үлүштөр бөлүштүрүлбөсө соттун чечими менен ЖМК жоюлушу мүмкүн.

Тема:
ЖМК жөнүндөгү мыйзамга толуктоо киргизүү (9)

Тема боюнча

Жогорку Кеңеш: ЖМК тууралуу мыйзам долбоору добуш берүүгө жөнөтүлдү
Белгилер:
ЖМК, мыйзам, Жогорку Кеңеш

ЭҢ МААНИЛҮҮ