ЕЭКке бажы тармагындагы бир катар укуктар берилди. Саммиттин жыйынтыгы

© Sputnik / Алексей Никольский / Медиабанкка өтүүБишкекте Евразиялык экономикалык Жогорку кеңештин жыйыны
Бишкекте Евразиялык экономикалык Жогорку кеңештин жыйыны - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чечим комиссия тарабынан биримдиктеги бардык мамлекеттерден ратификация жөнүндөгү билдирүү алгандан кийин күчүнө кирет.

БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Бишкекте Евразиялык экономикалык Жогорку кеңештин жыйыны өтүп, анын соңунда бир катар документтерге кол коюлду. Анын ичинде Евразиялык экономикалык комиссиянын (ЕЭК) иштөө регламентине өзгөртүү киргизүү да бар.

ЕЭКтин маалымат кызматы билдиргендей, президенттер Бажы тармагын жөнгө салган комиссия кеңешинин укуктарын кеңейтишти. Андан сырткары, ЕЭКтин коллегиясы консенсус аркылуу чече турган маселелердин тизмеси да узарды.

Саммит ВЕЭС и неформальная встреча глав государств-членов ОДКБ - Sputnik Кыргызстан
Президенттер Бишкекке кандай учак менен келди
Өзгөрүүлөргө ылайык, комиссияга ЕАЭБдин аймагына алып келинген товарлардын кайда өндүрүлгөнүн аныктоо эрежелерин бекитүү, эркин экономикалык аймактарда жана башка маселелер боюнча тышкы экономикалык ишмердикти аткаруу шарттары тапшырылды.

ЕЭКтин төрагасы Тигран Саркисяндын айтымында, президенттердин карамагындагы маанилүү укуктарды улуттук деңгээлден жогору коюп жатканы евразиялык интеграцияны кеңейтүү боюнча планын дагы бир жолу тастыктайт.

Комиссиянын иштөө регламентине өзгөртүүлөрдүн киргизилиши ЕАЭБдин Бажы кодексинин ишин толук камсыздоо боюнча жасалып жаткан зарыл кадамдардын бири. Ал Комиссия тарабынан биримдиктеги бардык мамлекеттерден ратификация жөнүндөгү билдирүү алгандан кийин күчүнө кирет.

Саркисян ошондой эле биримдиктин максималдык түрдө бир калыпка салынган бажы мыйзамдары принципиалдык маанилүү жыйынтык экенин айтты. Ал ЕАЭБ өлкөлөрүндөгү ишкерлердин жана алардын үчүнчү мамлекеттин бизнес-өнөктөштөрү менен кызматташуусундагы тоскоолдуктарды кыскартат.

Жаңылыктар түрмөгү
0