ЖККУнун жаңы башкы катчысы болуп Юрий Хачатуров дайындалды

© Sputnik / Asatur YesayantsЖамааттык коопсуздук келишим уюмунун жаңы башкы катчысы болуп Юрий Хачатуров дайындалды
Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун жаңы башкы катчысы болуп Юрий Хачатуров дайындалды - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейинки башкы катчы Николай Бордюжа ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин биринчи даражадагы белгиси менен сыйланды.

БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун жаңы башкы катчысы болуп Юрий Хачатуров дайындалды. Бул тууралуу журналисттерге ЖККУнун башкы катчысынын милдетин аткаруучунун биринчи орун басары Валерий Семериков билдирди.

Белгилей кетсек, учурда Бишкекте ЖККУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын бейрасмий жыйыны өтүүдө.

"Юрий Хачатуровдун талапкерлиги бир добуштан колдоого алынды. Ал 2-майдан тарта кызматына расмий түрдө киришет", — деди Семериков.

Ал ошондой эле буга чейинки башкы катчы Николай Бордюжа ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин биринчи даражадагы белгиси менен сыйланганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0