Кыргызстанга Молдованын президенти Игорь Додон келди

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевКыргызстанга жумушчу сапары менен Молдованын президенти Игорь Додон келди
Кыргызстанга жумушчу сапары менен Молдованын президенти Игорь Додон келди - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Молдовага ЕАЭБ алкагында байкоочу статусу берилиши мүмкүн.

БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Кыргызстанга жумушчу сапары менен Молдованын президенти Игорь Додон келгенин өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Кайгуул милициясынын кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Президенттердин келиши менен үч күн бою жабыла турган көчөлөрдүн тизмеси
Өлкө башчысын "Манас" аэропортунан премьер-министр Сооронбай Жээнбеков тосуп алды.

Молдова президенти Игорь Додон Бишкекке 14-апрелде өтө турган Евразиялык экономикалык биримдиктин Жогорку Кеңешинин жыйынына катышуу үчүн келди. Аталган мамелкетке байкоочу статусун берүү маселеси жыйындын күн тартибине коюлган. 

Молдовадан тышкары Кыргызстанга Россия, Казакстан, Армения, Белоруссия башчыларынын келиши күтүлүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0