Кыргыз-өзбек чек арасы боюнча кезектеги сүйлөшүүлөр башталды

© Sputnik / Табылды КадырбековСмотровая вышка на границе Кыргызстана
Смотровая вышка на границе Кыргызстана - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасынын узундугу 1378 чакырымды түзөт, анын 324 чакырымы тактала элек.

БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. Кыргызстан менен Өзбекстандын чек ара маселелери боюнча түзүлгөн жумушчу топтун кезектеги сүйлөшүүлөрү башталганын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Казакстан президенти Нурсултан Назарбаевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Назарбаев: 2010-жылы чек араны аргасыз жапканбыз, окуя кайталанса дагы жабабыз
Маалыматка ылайык, 10-апрелде Өзбекстандын Наманган шаарында кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча эки өлкөнүн жумушчу топтору жолукту. Сүйлөшүүлөр 20-апрелге чейин уланат.

Эскерте кетсек, 2016-жылдын август айынан бери ушул сыяктуу 10 жолугушуу өттү.

Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасынын узундугу 1378 чакырымды түзөт, анын 324 чакырымы тактала элек.

Сентябрь-октябрь айларында Өзбекстандын ТИМи делимитация жана демаркация боюнча өкмөттүк делегациялар чек арадагы талаштуу 78 тилкени иликтөөгө алышканын жарыялаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0