Кыргызстан КМШга Бишкек келишимдерин аткаруу зарылдыгын эскертти

© Sputnik / Табылды КадырбековЗаседание Совета глав государств – участников СНГ
Заседание Совета глав государств – участников СНГ - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президенттер былтыр Бишкекте өткөн жолугушууда шериктештиктин азыркы жашоонун талаптарына ыңгайлашуусу тууралуу чечим кабыл алышкан.

БИШКЕК, 7-апр. — Sputnik. Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин катышуусу менен өткөн жыйында КМШнын азыркы жашоонун талаптарына ыңгайлашуусу жөнүндөгү макулдашууну ишке ашыруу зарылдыгын айтты.

ТИМдин маалымат кызматынын билдирүүсүнө ылайык, жыйын бүгүн, 7-апрель күнү, Өзбекстандын борбору Ташкент шаарында өттү. Министрлер укук коргоо жана аскердик жаттагы кызматташууну кеңейтүү боюнча документтин долбоорлорун карашты.

"Абдылдаев 2016-жылы Бишкекте өткөн саммит маалында кабыл алынган чечимдерди ишке ашыруу зарылдыгын белгиледи", — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле жыйын алкагында тышкы иштер министрлери тарабынан диний келишпестиктердин алдын алуу жана дискриминацияга жол бербөө боюнча документтер макулдашылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0