Президент Атамбаев 2010-жылга чейин кантип байыганын айтты

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев. Архив
Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маалыматка ылайык, Атамбаев өз үлүшүн ошол учурда 45 миллиард түрк лирасына саткан.

БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын башкы прокурору Индира Жолдубаеваны кабыл алды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Атамбаев: 2040-жылы Улуу Кыргыз каганатынын 1200 жылдыгы белгиленет - Sputnik Кыргызстан
Атамбаев: 2040-жылы Улуу Кыргыз каганатынын 1200 жылдыгы белгиленет
Жолугушууда президент башкы прокурорго 2003-жылы Түркиянын Измир шаарындагы өнөр жай ишканасында ага тиешелүү акцияларын түрк ишкерине сатканын далилдеген документтерди тапшырды. Андагы маалыматка ылайык, Атамбаев өз үлүшүн ошол учурда 45 миллиард түрк лирасына саткан. Башкача айтканда, аталган сумма ал учурдагы доллардын курсуна ылайык 35 миллион долларды түзөт.

Мындан улам эл өкүлү Өмүрбек Текебаевдин Атамбаевдин үй-бүлөсүнүн акчасы 2010-жылдан кийин гана пайда болду деп айткандары жалган жалаа экени тастыкталууда деп айтылат таратылган маалыматта.

"Эмне үчүн өз кирешелерин булагын Атамбаев гана көрсөтүшү керек? Эми Текебаев, анын партиялаштары жана Убактылуу өкмөттүн өкүлдөрү 2010-жылдын 7-апрелинен кийин пайда болгон миллиондогон байлыктарын кайдан тапканын көрсөтсүн", — деди Атамбаев.

Ал ошондой эле Башкы прокуратура Кылмыш кодексиндеги мыйзамсыз жол менен баюу беренелерине көңүл бурушу керектигин баса белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0