Атамбаев элдик курултай чакырууну сунуштады

Жазылуу
Президент парламентте жума сайын партияларга каршы кылмыш иштери талкууланып, өлкө башчы тууралуу ар кандай ушактар тарап жатканын айтты.

БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. Өлкө башчы Алмазбек Атамбаев Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин жыйынында "Элдик курултай" чакырууну сунуштады.

Ал парламентте жума сайын партияларга каршы кылмыш иштери талкууланып, президент тууралуу ар кандай ушактар тарап жатканын айтып, мындан улам Конституциянын 52-беренесине ылайык, элдик курултайды ишке киргизүүнү сунуштады.

"Сиздер билгендей, Монголияда парламент "хурал" — курултай деп аталат. Биз да ушул сыяктуу түзүмүнө айыл өкмөтү, жергиликтүү кеңеш жана мэрлер кире алган элдик курултай түзөлү. Бул чындыгында өлкөнүн бардык аймактарынын кызыкчылыктарын көздөгөн жалпы эл тарабынан тандалган курултай болмок", — деди Атамбаев.

Президент бул чечимди бийликтин бардык бутактары карап чыгып, эгер ишке ашса, курултайды жылына 1-2 жолу чакырып турууну айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0