Икрамжан Илмиянов көк бөрү федерациясынын башчылыгына шайланды

Жазылуу
Федерациянын буга чейинки президенти Канат Исаев мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу кызматтан кетти.

БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. КР көк бөрү федерациясынын президенти болуп Икрамжан Илмиянов шайланды. Мындай чечим федерациянын бүгүнкү съездинде кабыл алганын федерациянын аткаруучу директору Султан Бекташев Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Анын айтымында, федерациянын президенттигине башында эки талапкер көрсөтүлгөн. Алар Икрамжан Илмиянов менен "Республика — Ата-Журт" фракциясынын депутаты Бактыбек Райымкулов.

"Бактыбек Райымкулов өз талапкерлигин алып, Илмияновду колдоп коюуну сунуштады. Ошентип бир добуштан Икрамжан Илмиянов федерациянын президенти болуп шайланды", — деди ал.

Бекташев ошондой эле федерациянын буга чейинки президенти Канат Исаев мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу кеткенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0