Сыр кат! Клинтон 2010-жылдын 8-апрелинде Кыргызстанды ким жетектей турганын билген

© AFP / JEWEL SAMADЭкс-государственный секретарь США Хиллари Клинтон
Экс-государственный секретарь США Хиллари Клинтон - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
АКШнын мамлекеттик департаментинин сырдуу маалымат булагы эмне себептен Роза Отунбаева Убактылуу өкмөттү жетектеп калганын айтып берген. Булак оппозиция лидерлери менен баарлашып турганын билдирген.

БИШКЕК, 31-мар. – Sputnik. 2010-жылдын 7-апрелинде Кыргызстанда болуп өткөн революциядан кийин АКШнын ошол убактагы мамлекеттик катчысы (тышкы иштер министри) Хиллари Клинтон Кыргызстан жөнүндө кат алган. Бул тууралуу АКШнын Judicial Watch өкмөттүк текшерүү тобунун маалыматтарында айтылган. 

Жаратылышты тартып жаткан сүрөтчү - Sputnik Кыргызстан
Тыңчылардын оюну. ЦРУ 50-жылдары Кыргыз ССРинин эмнесине кызыккан
Judicial Watch АКШнын мамлекеттик департаментинин (АКШнын тышкы иштер министрлиги) 1 184 беттен турган документтерин ачыкка чыгарган. Алардын ичиндеги 29 кат АКШнын ошол убактагы мамлекеттик катчысы Хиларри Клинтондун жеке электрондук почтасынан табылган. Ошол каттардын арасында Клинтондун кеңешчиси Сидней Блументалдан 2010-жылдын 8-апрелинде саат 9.58де келген кат болгон. Анда “Өтө маанилүү, Кыргызстандагы абал тууралуу маалымат” деп жазылган. 

Кат башка адам тарабынан жазылган. Бирок анын аты айтылган эмес. Анда жазылган маалымат боюнча ал адам 7-апрелдин эртеси эле Кыргызстанды башкара баштаган жаңы жетекчилик тууралуу маанилүү маалыматка ээ экендиги айтылган. 

"Менин досум----------- (аты жашырылган. – Ред.), канчалаган жылдар аралыгында Кыргызстандагы беделдүү адамдар менен мамиле курууга жетишти. Ал акыркы 72 саат ичинде мамлекеттин жогорку жетекчилиги менен тыгыз байланышта болуп, мага төмөнкүдөй кат жиберди", — деп Клинтондун мурдагы кеңешчиси жазып жиберген. 

Блументалдын "Сырдуу досу" Кыргызстандын бардык жетекчилери менен тааныш экенин айтып, Роза Отунбаеванын ысымын дагы атаган (Отунбаева убактылуу өкмөттү башкарып турган, кийин өткөөл мезгилдин президенти болду. 2011-жылы анын ордуна Алмазбек Атамбаев келген).

"Мен Кыргызстанда 1991-жылдан бери иштеп келем. Бул убакыт аралыгында Кыргызстандын үч лидери менен таанышууга жетиштим. Алгач Аскар Акаев менен 1990-жылы Москвадан таанышкам. Курманбек Бакиев менен 1993-жылы Жалал-Абаддан жана Роза Отунбаева менен 1992-жылы Бишкектен таанышкам. Мен ар бири менен ар кандай маселелер боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөм", — деп аты белгисиз адам жазган. 

Андан кийин каттын автору оппозиция лидерлери менен төңкөрүштүн уюштуруучулары эмне себептен Роза Отунбаевага токтолуп, мамлекеттин тизгинин карматышканын түшүндүрүп берген. 

АКШнын президенти Дональд Трамптын Американын качкындарды кабыл алуусун 120 күнгө токтоткон жаглыгына каршы акциясы - Sputnik Кыргызстан
АКШдагы кыргыз мигранттары Трамптын жарлыгынан жабыркабайбы
"Оппозициялык күчтөрдүн Отунбаеваны тандашына бир нече себептер болгон. Алардын ичинен Отунбаева чет мамлекеттер тарабынан сый урматка ээ болгон жалгыз фигура эле. Ошондой эле кыргыз эли аны “жоогазын” революциясы (2005-жыл) менен ассоциация кылып келет. Отунбаева Бакиевди ачык сындап, өзүнүн идеяларын коргогон жалгыз лидер болчу. Мындан тышкары, ал өзү дагы коррупциялык иштерден алыс болгон. Бирок ага ички колдоо жетишпегендиктен башка талапкерлер аны коркунуч катары эсептешкен эмес. Ушул факторлорду эске алган айрым оппозиция лидерлери Отунбаеваны мамлекеттин убактылуу башчысы кылуу чечими чыгарылганын билдиришти", — деп жазган. 

Катта Кыргызстандын жаңы жетекчисинин кесипкөйлүгүнө дагы баа берилген. Отунбаева карьерасын Кыргыз ССРнин ТИМинен баштаган. Ошол маалдагы СССРдин тышкы иштер министри Эдуард Шеварнадзе Отунбаеваны өзүнүн мураскери катары көргөнү айтылган. Блументалдын сырдуу досу ага бул тууралуу маалыматты 2002-жылы кабарлаган. 

Белгилей кетсек, 1989-жылы Отунбаеваны Москвага Шеварднадзе алып кеткенден кийин СССРдин ЮНЕСКОдогу өкүлү болуп иштеген. 

Каттын соңунда АКШнын экс-мамлекеттик катчысынын жардамчысынын сырдуу досу оппозициялык партиялардын лидерлеринин айткандарын жазып жиберген. 

Хиллари Клинтон. Архив - Sputnik Кыргызстан
Аял жетекчи Отунбаева, "өлдү" делген Конгантиев, июнь окуялары же Клинтондун каттары
"Мен баарлашып турган оппозиция лидерлери Бакиевдин отставкасын күтүп жатышкан. Алар парламентти таркатып, Роза Отунбаева баштаган убактылуу өкмөттү түзүүнү көздөшкөн. Көпчүлүк оппозициялык фигуралар Отунбаеваны президенттике ийгиликтүү талапкер катары көрүшкөн жок. Себеби ал парламенттик шайлоодо жакшы жыйынтык көрсөтө алган эмес. Текебаевдин дагы талапкерлиги күтүлгөн. Бирок ошентсе да Отунбаева өткөөл мезгилде өзүн жакшы көрсөтүп, лидер болууга мүмкүнчүлүгү бар деген пикирлер дагы жаралды. Мындан тышкары, чет элдик державалар менен болгон мамиле солгундап жаткандай сезилгендиктен Отунбаеванын бедели жогорулай тургандыгы белгиленген. Бул адамдын статусу жана тажрыйбасы болгондуктан чет мамлекеттер менен болгон көйгөйлөрдү чече ала турган жалгыз фигура экенин оппозициядагылар билип турган", — деп каттын жыйынтыктоочу бөлүгүндө жазылган. 

Клинтондун кат жазышуулары боюнча ызы-чуу анын 2009-2013-жылдары дипломаттык ведомстводо иштеп турган маалында, каттарды жеке электрондук почтасынан жиберип турганы маалым болгондо чыккан. Американын администрациясынын эрежелери боюнча каттар өкмөттүк даректен гана жиберилиши зарыл. 

Жаңылыктар түрмөгү
0