Алмазбек Атамбаев "Азаттыктын" жетекчисин кабыл алды

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевВизит главы медиакорпорации "Радио Свободная Европа/Радио Свобода" Томаса Кента в КР
Визит главы медиакорпорации Радио Свободная Европа/Радио Свобода Томаса Кента в КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Атамбаев эл аралык сотторго чейин жетерин жана мындан аталган ЖМК жакшы сабак алары тууралуу айткан.

БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев "Эркин Европа/Азаттык" медиакорпорациясынын жетекчиси Томас Кентти кабыл алгандыгы тууралуу өлкө башчысынын маалымат кызматынан билдиришти. 

Буга чейин Атамбаев эл аралык сотторго чейин жетерин жана мындан аталган ЖМК жакшы сабак алары тууралуу айткан. 

Томас Кент жолугушуу маалында Кыргызстан региондогу башка өлкөрдөн демократияга умтулуп, сөз эркиндигин сыйлаган мамлекет катары айырмаланып турарын белгиледи.

"Биз муну көрүп жатабыз. Ошондуктан кызматташууну улантууну каалайбыз. "Азаттык" радиосунун Кыргызстанда иш тажрыйбасы өтө чоң", — деди Кент.

Президент Кыргызстан эли үчүн сөз эркиндиги жана адилеттик деген түшүнүктөр ар дайым өзгөчө мааниге ээ болуп келгенин, ал эми бүгүн адам укуктарын жана эркиндигин сыйлаган укуктук, демократиялык мамлекетти куруу жолунда өлкө татаал этапты башынан кечирип жатканын белгиледи.

Официальный визит президента РФ В. Путина в Киргизию - Sputnik Кыргызстан
Президент Атамбаев жалаа жапкандарды макулукка теңеди
"Демократиялык коомдун эң маанилүү жетишкендиги болгон сөз эркиндигинин жана ачык-айкындуулуктун азыркы жетишилген деңгээли менен кыргызстандыктар сыймыктанып, баалашат. Бирок өлкөдө кеңири орун алган пикирди билдирүү эркиндиги жалпыга маалымдоо каражаттарына өзгөчө жоопкерчилик тагарын баары эле түшүнө беришпейт. Улам күч алып бараткан фейк технологиясы сөз эркиндигинин беделин түшүрүп, кадырын кетирип койбошу үчүн ЖМКлар чынчыл жана калыс иштеши керек", — деди президент.

Эске салсак, буга чейин КРдин башкы прокурору президенттин ар намысын коргоо максатында эки ЖМКны сотко берген.

Бул даттануулардын негизинде "ПроМедиа" (zanoza.kg) жана "Азаттык медиа" (azattyk.org) компанияларынын банктагы эсеби камакка алынган.

Жаңылыктар түрмөгү
0