07:22 04 Теке 2020
Түз эфир
  • USD77.1102
  • EUR86.6140
  • RUB1.0938
Саясат
Кыскача шилтеме алуу
22510

Касымалиева өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү болуп дайындалган Узарбек Жылкыбаевдин ордуна келди.

БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. Жогорку Кеӊеште КСДП саясий партиясынын тизмеси менен депутат болгон Аида Касымалиева ант берип, өзүнүн депутаттык ыйгарым укуктарын аткарууга киришти. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди.

Эскерте кетсек, Касымалиева өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү болуп дайындалган Узарбек Жылкыбаевдин ордуна келди.

Жогорку Кеӊештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков жалпы депутаттардын атынан Аида Касымалиеваны салтанаттуу ант бериши менен куттуктап, анын ишинде ийгиликтерди каалады.

Депутат Аида Касымалиева 1984-жылы Ош шаарында туулган. 2005-жылы Бишкек гуманитардык университетин "журналист" адистиги боюнча бүтүргөн. Ошондон бери жалпыга маалымдоо каражаттарында иштеп келген.

Тема боюнча

Атамбаев ЖКны таратууну колдоорун айтып, депутаттарга нааразы болду
Белгилер:
ант берүү, Жогорку Кеңеш, Аида Касымалиева

ЭҢ МААНИЛҮҮ