БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Свердлов райондук соту Садыр Жапаровдун 12 тарапташын эки айга камакка алуу чечимин чыгарганын аталган мекеме билдирди.
Эскерте кетсек, 25-март күнү экс-депутаттарын тарапташтары аны колдоо иретинде митингге чыккан. Тартип бузган 105 киши кармалып, анын 64ү эки күндөн беш күнгө чейин камакка алынган.
Акыйкатчы институнунун маалымат кызматынын билдирүүсүнө караганда, эки айга камакка алынгандардын арасында Жапаровдун уулу, бир тууган агасы жана бир катар туугандары бар. Аларга Кылмыш жаза кодексинин "бейбаштык", "бийлик өкүлүнө карата зомбулук көрсөтүү", "мүлккө чыгым келтирүү" беренелери боюнча кылмыш иши козголду.