Айыл өкмөт башчылыкка талапкерлерди 30 миң сом күрөө койдуруу сунушталууда

© Sputnik / Табылды КадырбековАкча каражаттары жана калем сап. Архив
Акча каражаттары жана калем сап. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эгерде талапкер шайлоодон жеңилип, бирок 15 пайыздан көп добуш алса акчасы кайтарылып берилет.

БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Айыл өкмөт башчылыгына талапкерлер өзүн-өзү көрсөтсө болот. Жаңы демилге "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын шайлоо" жөнүндөгү мыйзам долбооруна сунушталууда.

Подготовка к выборам в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Шайлоо шарапаты: айыл өкмөткө эл өктөмдүк кылабы же депутаттарбы
Ага ылайык, талапкерлерди сунуштаган саясий партиялар үчүн шайлоо күрөөсүн киргизүү да каралган. Талапкер 30 миң сом акча төгүшү керек болот. Эгерде ал шайлоодон жеңилип, бирок 15 пайыздан көп добуш алса акча кайтарылып берилет.

"Республика — Ата-Журт" фракциясынын депутаты Кенжекбек Бокоев сунуштап жаткан мыйзам долборуна ылайык, айыл өкмөт башчыларды айылдык кеңештин депутаттары эмес, эл шайлайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0