Алмамбет Шыкмаматов өлкөдөн чыкпай турган болду

© Sputnik / Табылды КадырбековЖогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Алмамбет Шыкмаматовдун архивдик сүрөтү
Жогорку Кеңештеги Ата Мекен фракциясынын депутаты Алмамбет Шыкмаматовдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл өкүлүнө буга чейин Эсеп палатасынын аудитору болуп турганда коррупциялык аракеттерге барган деп айып тагылган.

БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Алмамбет Шыкмаматовго козголгон кылмыш ишин текшерүүнүн жыйынтыгы менен анын баш коргоо чарасы каралып, ал өлкөдөн чыкпай турган болду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин маалымат кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, 2017-жылы 17-февралда Башкы прокуратура ЖК депутаты Алмамбет Шыкмаматовго карата Эсеп палатасынын аудитору болуп турганда коррупциялык аракеттерге барган деп кылмыш ишин козгогон. Анын негизинде депутат УКМКга бир нече ирет суракка чакырылган

Ата Мекен партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
УКМК: Текебаевдин күнөөлүү экенине айныгыс далилдер табылды
2011-жылы Эсеп палатасынын ошол учурдагы төрагасы Сабырбек Молдокулов кызматтык автоунаа сатып алуу боюнча тендердик комиссия түзүү боюнча буйрук чыгарган. Буйрук чыкканы менен эч кандай тендер өткөрбөстөн эле өздөрү барып жаккан машиналарды тандап алган. Маалыматта алардын жасалма документтер менен 2000-2001-жылы өндүрүштөн чыккан Mercedes Benz E-Класс үлгүсүндөгү автоунааларды сатып алганы айтылат.

Мындан тышкары, 2011-жылы 5-октябрда тендер өткөнү боюнча жалган документ түзүлгөн. Тендерге "Би Стар" (4 миллион 265 миң сом сунуштаган) менен "Барат Люкс" (3 миллион 368 миң 831 сом сунуштаган) компаниялары катышкан. Жыйынтыгында "Барат Люкс" ЖЧКсы жеңүүчү деп табылган.

Шыкмаматов өзүнүн жеке кызыкчылыгын көздөп "Барат Люкс" ЖЧКсынын тендердик арызына аялынын 2000-жылы өндүрүштөн чыккан Mercedes Benz Е 320 үлгүсүндөгү автоунаасын 14 637 долларга баалап киргизип, сатып жиберген. Бирок ошол учурда мындай үлгүдөгү машинанын базардагы баасы 10 миң доллардан кем болбогону Башкы прокуратура тараткан билдирүүдө белгиленет.

Жаңылыктар түрмөгү
0