Депутаттар КТРКнын Байкоочу кеңешине мүчөлөрдү тандайт

© Sputnik / Жоомарт УраимовКТРК телеканалынын логотиби. Архив
КТРК телеканалынын логотиби. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
КТРКнын Байкоочу кеӊеши 15 мүчөдөн туруп, беш жылга шайланат.

БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитети бүгүнкү жыйынында Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин курамына талапкерлерди көрсөтүү жөнүндөгү маселени карайт. Бул туурасында парламенттин сайтында кабарланды.

Коомдук биринчи каналдын жетекчиси Илим Карыпбековдун архидвик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Автокырсыкка кабылган Илим Карыпбеков ооруканадан үйүнө чыкты
Эске салсак, КТРКнын учурдагы Байкоочу кеӊешинин курамы 2012-жылы бекитилген. Мыйзамга ылайык, Байкоочу кеӊештин ыйгарым укуктары бүтөрүнө үч ай калганда жаңы мүчөлөр тандалат.

КТРКнын Байкоочу кеӊеши 15 мүчөдөн туруп, беш жылга шайланат. Алгач президент, Жогорку Кеӊеш жана жарандык коом тарабынан сунушталган талапкерлер комитетте каралып, кийин жалпы депутаттардын кароосуна чыгарылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0