Атамбаев: Жанар Акаевди эч ким мандатынан ажырата албайт

© Sputnik / Табылды КадырбековЖурналисты Кыргызстана в лицах
Журналисты Кыргызстана в лицах - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президент Жанар Акаев депутаттыктан өз ыктыяры менен гана кете ала тургандыгын белгиледи.

БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. Жанар Акаевди эч ким мандатынан ажырата албайт. Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаев брифинг учурунда билдирди.

Эске сала кетсек, КСДП партиясынын саясий кеңеши Жанар Акаевди катарынан чыгаруу чечимин кабыл алган.

"Биринчиден, эч ким аны мандатынан ажырата албайт. Бул ушак. Ал өз ыктыяры менен гана мандатын тапшыра алат. Экинчиден, ал өз күчү менен парламентке келдиби же КСДП аркылуу келдиби аны кийинки шайлоо көрөсөтөт", — деп мамлекет башчы билдирди.

Атамбаев Акаевдин мандатын тартып алуу боюнча ушак таратпоого чакырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0