БИШКЕК, 24-Мар. — Sputnik. Кечээ, 23-март күнү өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев Белоруссия президенти Александр Лукашенко менен телефон аркылуу баарлашты.
Мамлекет башчынын маалымат кызматынын билдиришинче, эки өлкө лидери мамлекеттер аралык кызматташууну сүйлөшүп, Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынын Бишкек шаарында өткөрүүнү талкуулашты.
Белгилей кетсек, буга чейин Евразиялык экономикалык комиссия кезектеги жыйынды 2017-жылдын апрель айына белгилеген.