Журналист Аида Касымалиева депутаттык мандатка ээ болду

© Фото / предоставлено Аидой КасымалиевойЖурналист Аида Касымалиеванын архивдик сүрөтү
Журналист Аида Касымалиеванын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Касымалиева Ысык-Көл облусуна өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалган Узарбек Жылкыбаевдин ордуна депутат болуп келди.

БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Журналист Аида Касымалиева бүгүн партиялык тизме боюнча КСДП фракциясынан депутаттык мандатка ээ болду. Бул тууралуу Касымалиева өзү Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

"Азыр эле Борбордук шайлоо комитетинен чыктым, депутаттык мандатымды, төш белгимди тапшырышты. Буга чейин тизме боюнча менин кезегим келип калганын билген адамдар мандаттан баш тартар-тартпасыма кызыгып жатышкан. Бирок мен шайлоочуларымдын алдындагы убадаларымды аткарыш үчүн мандатты алышым керек болчу. Ишке качан киришээрим азырынча белгисиз. Жакынкы күндөрү ант берем деп турам", — деди Касымалиева.

Политолог Алмаз Акматалиев - Sputnik Кыргызстан
Радио
Алмаз Акматалиев: фракциялардын ар бир кадамы — шайлоого карата аракет
Касымалиева Ысык-Көл облусуна өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалган Узарбек Жылкыбаевдин ордуна келди.

Тизме боюнча Аида Касымалиевадан мурда президенттин экс-кеңешчиси Икрамжан Илмиянов менен ЖК аппаратынын мурдагы жетекчиси Абдыманап Кутушев турган. Бирок экөө тең депутаттыктан баш тарткан.

Аида Касымалиева 1984-жылы Ош шаарында туулган. Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетин 2005-жылы бүтүргөн. Андан соң бир катар жергиликтүү жана чет элдик ЖМКларда иштеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0