Атамбаев Россия президенти Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү

Жазылуу
Эки тараптуу сүйлөшүү дипломатиялык мамилелердин 25 жылдыгына карата уюштурулган.

БИШКЕК, 20-мар. — Sputnik. Алмазбек Атамбаев Россиянын башчысы Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөшкөндүгүн президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.

Билдирмеге караганда, эки тараптуу сүйлөшүү дипломатиялык мамилелердин 25 жылдыгына карата уюштурулган.

"Тараптар биргелешкен аракеттер менен саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө, ошондой эле коопсуздук багытында өз ара аракеттешүүнүн натыйжалуу механизмдеринин калыптанышын баса белгилешти", — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле ЕАЭБ, ЖККУ, КМШ жана башка уюмдардын алкагындагы эки өлкөнүн ортосундагы өз ара аракеттешүүнү өркүндөтүү маселелери да талкууланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0