Аламүдүн районуна жаңы аким дайындалды

Жазылуу
Самирдин Жумашев өз ыктыяры менен арыз жазып, жумушунан бошотулган.

БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Чүй облусундагы Аламүдүн районуна аким болуп Касымбек Чодуров дайындалганын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Тиешелүү буйрукка премьер-министр Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 15-март күнү, кол койду.

Буга чейин аталган кызматты ээлеп келген Самирдин Жумашев өз ыктыяры менен арыз жазып, жумушунан бошотулган.

Жаңылыктар түрмөгү
0