Атамбаев эки маалымат каражатына коюп жаткан доосуна түшүндүрмө берди

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевЦеремония подписания указа об обнародовании официальной редакции Конституции
Церемония подписания указа об обнародовании официальной редакции Конституции - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкө башчыга ар кандай жалаалардын жабылышы 19-ноябрда өтө турган президенттик шайлоого карата өлкөдөгү абалды туруксуздаштырууга болгон аракет катары түшүнүүгө болору белгиленди.

БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев ишеним грамотасын тапшыруу аземинде Кыргызстан кимдир-бирөөлөр үчүн шахмат тактасы экенин билдирди.

Ал өлкө башчыга ар кандай жалаалардын жабылышы 19-ноябрда өтө турган президенттик шайлоого карата өлкөдөгү абалды туруксуздаштырууга болгон аракет катары түшүнүүгө болорун белгиледи.

"Чоң оюн башталды, кимдир-бирөөлөр үчүн Кыргызстан шахмат тактасы болуп калды", — деди президент.

Официальный визит президента РФ В. Путина в Киргизию - Sputnik Кыргызстан
Президент Атамбаев жалаа жапкандарды макулукка теңеди
Мамлекет башчы "Азаттык" менен Zanoza агенттиктеринин үстүнөн каршы Башкы прокуратурага кайрылганынын себебин түшүндүрдү. Анын айтымында, эки агенттик бир нече жылдан бери президент менен бүтүндөй өлкөнүн кадырын кетирүүгө багытталган аракеттерди жүргүзүп келе жатат.

Президент "Азаттык" "Свобода" радиосунун филиалы болуп АКШ конгресси тарабынан каржыланарын белгилеп, "Свободанын" бюджети миллиондогон долларларды түзөрүн айтып өттү. Ал эми Zanoza дагы чет элден ири гранттарды аларын билдирди.

"Ошондуктан алардын жактоочулары эки жүздүүлүк кылып калп эле ыйлай беришпесин", — деп мамлекет башчы кошумчалады.

Эки маалымат каражаттарына карата доо арыз 26 миллион сомду түзгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0