Коргоо иштери боюнча комитетти Чек ара кызматынын төрагасы жетектейт

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПредседатель Государственной пограничной службы КР Мирбек Касымкулов
Председатель Государственной пограничной службы КР Мирбек Касымкулов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президент Алмазбек Атамбаев эки күч структурасынын жетекчилерин алмаштыруу боюнча жарлыкка кол койду.

БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Мирбек Касымкулов кызматынан бошотулуп, Кыргызстандын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Тийиштүү жарлыкка өлкө башчы Алмазбек Атамбаев бүгүн, 14-март күнү, кол койгон.

Эскерте кетсек, Касымкулов Чек ара кызматына чейин Улуттук гвардияны жетектеп келген.

Жаңылыктар түрмөгү
0