Астанада бүгүн Сирия маселесин жөнгө салуу боюнча иш-чара башталат

© Фото / Пресс-служба президента Украины / Медиабанкка өтүүАстана шаары. Архив
Астана шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш-чарага АКШнын өкүлү менен Бириккен Улуттар Уюмунун Сириядагы чыр-чатакты жөндөө боюнча атайын чабарманы байкоочу катары чакырылган.

БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. Казакстандын борбору Астана шаарында Сирия боюнча эки жана бир нече тараптуу жолугушуулар бүгүн башталат. Бул туурасында РИА Новости кабарлады. 

Казакстандын ТИМи Кайрат Абдрахманов мурда пландалгандай Сирия боюнча Астанада өтө турган жолугушууларды уюштуруу маселелери чечилгендигин айткан.

"Эки жана бир нече тараптуу жолугушуулар 14-мартта, ал эми анын эртеси пленардык жыйын өтөт", — деп айткан ал.

15-16-февралда Казакстанда өткөн II раунддагы сүйлөшүүлөрдө Сириядагыларды Иран, Россия, Түркиянын катышуусу аркасында жараштырып, кепке келтирүү боюнча мониторинг тобун түзүү чечими кабыл алынган.

Буга чейин казак ТИМи аталган иш-чарага АКШнын өкүлү менен Бириккен Улуттар Уюмунун Сириядагы чыр-чатакты жөндөө боюнча атайын чабарманы байкоочу катары чакырылганын билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0