Кыргызстан ЕАЭБдеги демилгелерин илгерилетүүнү сунуштады

© Sputnik / Табылды КадырбековЗаседание Евразийского совета глав правительств ЕАЭС в КР
Заседание Евразийского совета глав правительств ЕАЭС в КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Быйыл Кыргызстан ЕАЭБге төрагалык кылып, бир катар сунуштарды демилгелеген.

БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Кыргызстандын премьер-министри Сооронбай Жээнбеков Евразиялык өкмөттөр аралык жыйында ЕАЭБдеги демилгелерин илгерилетүүнү сунуштады.

Өкмөт башчы Жогорку евразилык экономикалык кеңештин төрагасы, Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев биримдикке мүчө мамлекеттеринин башчыларына кайрылып, 2017-жылды Евразия аймагында бизнести өркүндөтүүгө мыкты шарттарды түзүүгө арноо сунушун киргизгенин эскертти.

"Негизги маселелердин катарында инвестициялык саясатты активдештирүү, ЕАЭБ аймагында эмгектенгендерди пенсия менен камсыздоо боюнча макулдашууга кол коюу, санарип мейкиндикти түзүү стратегиясын кабыл алуу, өнөр жай жаатындагы кызматташуунун негизги багыттарын ишке ашыруу, жалпы рынокту түзүүнүн концепциясын иштеп чыгуу турат", — деди Жээнбеков.

Ушул максатта өкмөт башчы Евразиялык экономикалык комиссияга ЕАЭБ өкмөттөрү менен биргеликте кыска мөөнөттө кайрылууда айтылган демилгелерди ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планын иштеп чыгууну тапшыруу зарылдыгын белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0