БШК: Исаевдин мандаты КМЮА ректору Канат Керезбековго берилди

© Фото / пресс-служба "КГЮА"Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясын ректору Канат Керезбеков. Архив
Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясын ректору Канат Керезбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
КСДПнын тизмесинде Керезбековдон кийинки орунда президенттин мурдагы кеңешчиси Икрамжан Илмиянов турат.

БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Тилектеш Исаевдин мандаты Канат Керезбековго берилди. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине БШКдан билдирди.

Заседание организационного комитета по подготовке и проведению Года истории и культуры - Sputnik Кыргызстан
Сапар Исаков президенттин аппаратын жетектемей болду
Эске сала кетсек, буга чейин КСДПчы депутат Тилектеш Исаев өз ыктыяры менен мандатын тапшырган. Керезбеков менен байланышканыбызда Нарындан келе жатканын айтып, кечирээк маалымат берерин кошумчалады.

Канат Керезбеков буга чейин Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясын башкарып келген.

Белгилей кетсек, КСДПнын тизмесинде Керезбековдон кийинки орунда президенттин мурдагы кеңешчиси Икрамжан Илмиянов турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0