УКМК: Текебаевди тинтүү аракеттери болгон эмес

© Фото / пресс-служба ЖК КР"Ата-Мекен" Өмүрбек Текебаев. Архив
Ата-Мекен Өмүрбек Текебаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Текебаевдин адвокаты Таалайгүл Токтакунованын "атайын кызматтар Текебаевди 16-январда Бишкектин жанына кулаган учактагы жүк Алмазбек Атамбаевге тиешелүү экенин далилдеген документтерди алуу үчүн кармашты" деген билдирүү жасаган.

БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Өмүрбек Текебаев "Манас" аэропортунан кармалганда анын өзүн тинтүү иштери жүргүзүлбөгөнүн жана жүгү аялына өткөрүп берилгендигин УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.

Муну менен Мамлекеттик коопсуздук кызматы Текебаевдин адвокаты Таалайгүл Токтакунованын "атайын кызматтар Текебаевди 16-январда Бишкектин жанына кулаган учактагы жүк Алмазбек Атамбаевге тиешелүү экенин далилдеген документтерди алуу үчүн кармашты" деген билдирүүсүнө жооп узатты.

"УКМК Токтакунованын сөзү чындыкка коошпой турганын билдирет. Текебаев "Манас" аэропортунан кармалганда анын өзүн тинтүү иштери жүргүзүлгөн эмес. УКМКга алынып келгенде өзүнүн суранычы менен келинчеги Айгүл менен кезигип, жанында болгон бардык буюм-тайымдарын ага берген", — деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле мамкомитет учактын бортунда Кыргызстанда иштеген казак компанияларынын бирине таандык 1 902 килограммдык электрондук күйгүзгүч болгонун билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0