16:19 23 Аяк оона 2019
Түз эфир
  • USD69.8245
  • EUR76.6533
  • RUB1.0919
Кол кишенчен адам. Архив

"Коррупция" жана "алдамчылык" беренелери менен айыпталгандарды кандай жаза күтөт

© AP Photo / Moises Castillo
Саясат
Кыскача шилтеме алуу
Өмүрбек Текебаев камакка алынды (109)
83420

Эки берене жана алардын негизинде кандай жаза каралгандыгын билүү үчүн Кылмыш жаза кодексине көз салып көрдүк.

БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевге 25-февралда Башкы прокуратура Кылмыш жаза кодексинин "коррупция" жана "алдамчылык" беренелери боюнча иш козгогон.

Sputnik Кыргызстан аталган эки берене жана алардын негизинде кандай жаза каралгандыгын билүү үчүн Кылмыш жаза кодексине көз салып көрдү.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы бүгүн эртең менен Текебаевге карата козголгон кылмыш ишинин беренелеринин пункттарын так билдирди. Ага Кылмыш кодексинин "коррупция" боюнча 303-беренесинин 1-бөлүгү жана "алдамчылык" боюнча 166-беренесинин 4-бөлүмүнүн "өзгөчө ири өлчөмдө" жана "кызмат абалынан пайдалануу" эки пункттары боюнча иш козголду.

Кандай мөөнөт каралган?

Коррупция беренесинин 1-бөлүмү боюнча күнөөлөнүп жаткан адамга жаза — мүлкүн конфискациялоо, үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен 8 жылдан 15 жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу каралган.

Ал эми "Алдамчылык" беренесинин жогорудагы бөлүмдөрүндө "мүлкүн конфискациялоо менен беш жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат" деп жазылып турат.

Аталган беренелер боюнча комментарий берген юридика илимдеринин доктору Бекбосун Бөрүбашов аталган беренелерде каралган мөөнөт күнөөлүү адамдын аракетине жараша болорун айтты.

Сот чечими күнөөлөнгөн адамдын аракетине жараша болот

Юридика илимдеринин доктору Бекбосун Бөрүбашев айып тагылып жаткан адамдын мурда соттолгон же соттолбогонуна, өзүн алып жүрүшүнө, тергөө менен кызматташкандыгына байланыштуу болорун белгиледи.

"Бул жерде эң көп мөөнөттөр 15 жана 10 жылга чейин деп айтылып жатат. Жаза мөөнөтү маселен, 8, 10, 12 же 13 жыл айтор, ар кандай болушу мүмкүн. Бул айып тагылып жаткан адамдын мурда соттолгон же соттолбогонуна, өзүн алып жүрүшүнө, тергөө менен кызматташкандыгына байланыштуу болот. Андан сырткары, алган суммасына, кызмат абалын түз же кыйыр пайдалангандыгы, жалпылап айтканда көп маселелер бар. Күнөөсү канчалык деңгээлде далилденет дегендей. Сот да ошолорду эске алып чечим чыгарат", — деди ал.

27-февралда кечинде Биринчи Май райондук соту көчмө жыйын өткөрүп, Өмүрбек Текебаевди 25-апрелге чейин эки айга камакка алуу чечимин чыгарган. Бүгүн депутаттын тарапташтары райсоттун өкүмүн шаардык сотко даттанганын билдиришти.

Тема:
Өмүрбек Текебаев камакка алынды (109)

Тема боюнча

Өмүрбек Текебаев эки айга камакка алынды
Кыргызстанда былтыр коррупция боюнча 375 кызматкер соттолду
Кыргызстан коррупция боюнча рейтингде Африка өлкөлөрүнүн катарында
Белгилер:
кылмыш кодекси, сот, Өмүрбек Текебаев

ЭҢ МААНИЛҮҮ