Алмамбет Шыкмаматов "Ата Мекен" фракциясынын убактылуу лидери болду

© Sputnik / Табылды КадырбековЖК депутаты Алмамбет Шыкмаматовдун архивдик сүрөтү
ЖК депутаты Алмамбет Шыкмаматовдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев 27-февраль күнү кечинде Биринчи Май райондук сотунун чечими менен 25-апрелге чейин камакка алынды.

БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Алмамбет Шыкмаматов Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын убактылуу лидери болгондугун депутат Каныбек Иманалиев Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Анын айтымында, Шыкмаматов фракция лидеринин орун басары болуп келгендиктен автоматтык түрдө лидердин милдетин аткаруучу болуп калды. Ал ошондой эле Текебаевдин айланасында түзүлгөн кырдаал боюнча парламентте маселе көтөрүлөрүн белгиледи.

"Эртең Жогорку Кеңеште Текебаевдин айланасында түзүлгөн кырдаал боюнча маселени көтөрөбүз", — деди депутат.

Эске салсак, фракция лидери Өмүрбек Текебаев Биринчи Май райондук сотунун чечими менен 25-апрелге чейин камакка алынган. Башкы прокуратура эл өкүлүнө "коррупция" беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон.

Жаңылыктар түрмөгү
0